Ошондой эле жер алдынан өтүүчү коммуникация түтүкчөлөрүнүн үстүндө жайгашкан.
Жол жээгиндеги кызыл сызыктан өтүп коюлуп жаткан кичи дүкөнчөлөрдү өз учурунда инспекторлор тыюу салып, уруксат бербегендигине карабастан соодагерлер айыл өкмөттүн макулдугун алып жайгашып алышкан. Мамэкотехинспекциянын Кочкор жана Жумгал райондору боюнча жетекчиси Сайранбек Жумаевдин айтымында, мындай көрүнүштөр өтө көп кездешет.
“Өз учурунда текшерип келип уруксат берилбегендигине карабай, жарандар баш ийбестен ишти уланта беришет. Бирок мыйзамга дал келбей турган жерлерге биз уруксат бербейбиз”, — деп билдирди инспектор башчысы.
Мындан тышкары ал унаа өтүүчү чон жолдорду тарытпай,жолдогу коопсуздукту сактоо керектигин кошумчалады.
Учурда кичи дүкөнчөлөрдү тез арада алдыруу боюнча, ишти укук коргоо органдарына өткөрүп беришти.