Тажикстанда сим-карталарды кайрадан каттоодон өткөрүү жараяны 2017-жылдын апрелинин башына чейин созулат.

Бул тууралуу өлкөнүн Мобилдик компаниялар биримдигинен билдиришти. Мекеме бул аракеттерди активдүү эмес сим-карталарды аныктоо зарылдыгы менен түшүндүрүүдө.

Өткөн жыл соңунда Тажикстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) тажик сим-карталары талиптердин колуна тийгенин айтып, тынчсыздануусун билдирген. Буга байланыштуу мекеме башчысынын орун басары сатылган 4 миллион сим-картаны кайрадан каттоодон өткөрүү зарылдыгын белгилеген.

Мобилдик компаниялар биримдигинин төрагасы Гафуржон Эркаев демилге сим-карталарды пайдалануу эрежелерин тартипке салуу жана кызмат көрсөтүү наркынын жогорулашына байланыштуу экенин айтты. Ал «буга чейин мобилдик жана NGN-номурлардын ижарасынын арзандыгынан улам» алардын баасын оператор төлөп келгенин белгиледи. Ошондуктан кардарлардын көбү эки же андан көп сим-караталарга ээ болушкан. Сандардын ижарасы кыйла көтөрүлгөндөн кийин бул милдет кардарлардын өзүлөрүнө жүктөлүп, алардын саны кыйла азайган.

Айрым эксперттер сим-карталарды кайрадан каттоодон өткөрүү жараянын алардын тажик террорчулары тарабынан Ооганстандын түндүк аймагында пайдаланылышына жол бербөө аракети менен байланыштырууда. Бул тууралуу өткөн жылдын декабрында Тажикстан УКМКсынын төрага орун басары Мансур Умаров билдирген. Анын айтымында, сим-карталардын 70 пайызы аныкталбаган шарттарда каттоодон өткөрүлгөн, андыктан номурларын кайрадан каттатпаган кардарлардын сим-карталары өчүрүлүшү керек.

Бөлүшүү