Президент Алмазбек Атамбаев башкы прокурор Индира Жолдубаеваны кабыл алды.

Жолугушууда президент мамлекеттик бийлик органдары жана укук коргоо түзүмдөрү тарабынан мыйзамдардын аткарылышын көзөмөлдөө боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралу маалыматты укту.

Индира Жолдубаева ошондой эле көзөмөл органынын коррупцияга каршы ишмердигин жандантуу жана ишкерлердин укуктарын коргоо жаатында прокуратура органдарынын  ишинин натыйжалуулугун арттыруу боюнча көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө айтып берди.

Атамбаев башкы прокуратурага укук бузууларды алдын алууну күчөтүүнү, коррупцияны, анын ичинде  күч түзүмдөрүндө алдын алуу жана ага бөгөт коюу боюнча таасирдүү чараларды көрүүнү тапшырды.

Бөлүшүү