ЖКнын эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети бир катар чет өлкөлөр менен өз ара катташуу жолжоболорун жөнөкөйлөштүрүүгө багытталган келишимдерди ратификациялоо демилгелерин жактырды.
Эгерде жогорудагы келишимдер кабыл алынып калса, Кыргызстандын, Италиянын, Франциянын, Чилинин жарандары виза алуудан бошотулуп, ал өлкөлөрдүн аймагында 90 күнгө чейин визасыз жүрө алат.
Тышкы иштер министрлигинин өкүлүнүн берген маалыматына караганда, Кыргызстанда 1100 адамга дипломатиялык паспорт берилген.