Экс-депутат Жылдызкан Жолдошованын айтымында, Кадыржан Батыров 2010-жылы Ошто ызы-чуу уюштуруу үчүн 100 миң доллар которгон.
Жолдошова билдиргендей, Батыров кылмыш иши козголгондуктан Өзбекстандан качып кеткен.
«Ал Өзбекстандын жараны болчу. Кийин эле Орусиянын жарандыгын алган. Темир жол ишканасынын 4, 5 млн долларын уурдап алган. Ошондуктан кылмыш иши козголгон. БШК булардын баарына карабастан аны ЖКнын депутаты кылып каттаган. Анын көп каражаты бар болчу. Ош автономиялык облустун президенти болгусу келген», — дейт экс-депутат.