Эл аралык CAFA Women’s Cup мелдеши Өзбекстанда 15-17-октябрда өттү.

Анда Кыргызстан, Өзбекстан, Тажикстан, Иран катышышты.

Гүлбара Уматалиеванын тарбиялануучулары Ирандан 1:4 ал эми Өзбекстандан 0:5 эсебинде женилишти.

Тажикстан менен болгон оюнда эсеп тең чыкты. Атаандаштын дарбазасына  78-мүнөттө жалгыз гол киргизген Елазавета Подскребко болду. Бирок акыркы мүнөттө тажик кыздары эсепти теңеп, жыйынтык 1:1 болду.

Аталган мелдештин жеңүүчүлөрү Өзбекстан болду. Алар Иранды 3:0 менен жеңишти.

 

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү