Астана соту терроризм актысы тууралуу жалган маалымат тараткандыгы үчүн жергиликтүү тургунду бир жарым жылга эркинен ажыратты.
Бул тууралуу шаардык соттун басма сөз кызматы билдирди.
Иштин материалдарына ылайык, шаардын аты-жөнү айтылбай жаткан тургуну 2016-жылдын 30-июнунда Астанадагы Sine Tempore (ЦУМ) соода борборунда теракт даярдалып жаткандыгы тууралуу полицияга кабарлаган.
Бирок соода жайына барган укук коргоо органдарынын кызматкерлери теракт даярдоо фактысы жалган экенин аныкташкан.
Астананын райондук сотунун өкүмүнө ылайык, соттолгон адам жаза мөөнөтүн жалпы режимдеги абакта өткөрүшү керек. Билдирүүдө өкүмдүн качан чыгарылганы көрсөтүлгөн эмес. Басма сөз кызматы чечим күчүнө киргенин билдирүүдө.