«Ата Мекен» фракциясынын депутаты Алмамбет Шыкмаматов парламенттик отурумда депутаттык комиссия түзүү сунушун айтты.

«Комиссия түзөлү. Азыркы учурда «Мегакомдун» айланасында талкуулар болуп жатат. Эл жооп күтүп жатат. Биздин фракциянын чечими бар», — дейт ал.

Ошону менен катар эле Кадыржан Батыровдун дагы мүлкүн текшерүү керек экенин билдирди.