Президенттик аппараттын жетекчиси Фарид Ниязов бүгүн эсептөө палатасынын түзүлгөндүгүнүн 20 жылдыгына байланыштуу салтанаттуу жыйынга катышып, президенттин куттуктоосун окуду.

Куттуктоонун тексти:

Урматтуу эсептөө палатасынын кызматкерлери!

Сиздерди бүгүнкү салтанаттуу күн – эсептөө палатасынын түзүлгөндүгүнүн 20 жылдыгы менен куттуктайм!

Сырткы финансылык көзөмөлдүн конституциялык органы катары 1996-жылы эсептөө палатасынын түзүлүшү демократиялык өлкөнүн эң негизги принциптеринин бири болгон — бийликтин коом алдында милдеттүү отчеттуулугунун, эл менен тикелей мамиле куруунун далилдүү көрүнүшү болуп калды.

Өткөн жылдары эсептөө палатасы эгемен өлкөбүздүн мамлекеттик көзөмөлүнүн таасирдүү жана натыйжалуу институтуна айланды – ал көз карандысыз  көзөмөл жүргүзүүнүн кубаттуу институту, жалпы улуттук милдеттерди чечүүдөгү маанилүү звенолордун бири болуп калды.

Бюджеттер аралык карым-катнаштардын туруктуулугу, мамлекеттик чыгымдардын ачык-айкындыгы жана  натыйжалуулугу, коррупцияны алдын алуу иштери Эсептөө палатасынын кызматкерлеринин сабаттуу жана ыкчам иштерине жараша болот. Өлкөнүн саясый-экономикалык енүгүшү үчүн да, жарандык коомдун өнүгүүсү үчүн да Сиздердин ишиңиздердин натыйжасынын мааниси чоң. Сиздер өлкөдө акыркы мезгилде коррупцияга каршы жигердүү жүргүзүлүп жаткан күрөштүн алдыңкы катарында турасыздар.

Эсептөө палатасынын калыптануу жылдары уюштуруучулук, көзөмөл-текшерүүчүлүк, аналитикалык жана методологиялык зор иштер жасалды. Анын натыйжасында сиздер финансылык кыянатчылыктарга каршы күрөш жүргүзгөн көзөмөл орган катары, аткаруу бийлигинин мамлекеттик финансы жана материалдык ресурстарды тескөө жаатындагы иши жөнүндө ишенимдүү маалымат  булагы  катары кадыр-баркка жана урмат-сыйга ээ болдуңуздар.

 

Жакында эле өлкөбүз эгемендигинин 25 жылдыгын татыктуу белгиледи. Өлкөбүздүн өргө карай өнүгүү жолунда эсептөө палатасынын да салымы бар. Сиздер мындан ары да Кыргызстанды өнүктүрүү долбоорлорун ишке ашырууга көмөк көрсөтүп, коомчулуктун бакубаттыгы үчүн ак ниет эмгектенип, мыйзамды туу тутуу, көз карандысыздык жана чынчылдык – күнүмдүк ишиңиздердин негизги эрежелери болуп кала берет деп ишенем.