Бүгүн өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Дүйшөнбек Зилалиев Индиянын Кыргызстандагы элчиси Джаянт Кхобрагадени кабыл алды.
Алар жолугушууда эки тараптуу кызматташуу жөнүндө сүйлөштү.
Зилалиев кызматташууда бир нече багытты өнүктүрүү керек экенин белгиледи.
Энергиянын кайра жаралуучу булактары чөйрөсүндө тажрыйба алмашуу, ошондой эле текстилдик өнөр жайын өнүктүрүү керек экенин айтты.
Мындан тышкары, Ноокат районунда ак мрамор кендерин иштетүүгө Индиянын компанияларын тартуу тууралуу кошумчалады.
Элчи болсо сунушталган долбоорлор үчүн ыраазычылык билдирди. Анын ичинде текстилдик жана кен казуу тармактарын өнүктүрүүнү баса белгиледи.
“Индия Кыргызстандагы сейрек кездешүүчү пайдалуу кендерге муктаж”, -дейт ал.
Ошондой эле быйыл декабрда Кыргызстанга индиялык бизнесмендер иш сапары менен келе турганын билдирди. Алардын ичинде текстилдик, агрардык жана башка тармактагы адистер бар экенин белгиледи.