Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгунун билдирүүсүнө караганда, соккулар жай тургундар менен согушкерлердин шаардан чыгып кетүүсүнө мүмкүндүк берүү үчүн жергиликтүү убакыт боюнча саат 10:00дөн тарта токтотулган.

Буга чейин кеңсеси Улуу Британияда жайгашкан Syrian Observatory for Human Rights уюму «түн оогондон кийин орусиялык учактар Алеппонун козголоңчулардын карамагындагы райондоруна катуу сокку урганын» билдирген.

Орусия 20-октябрда сегиз саатка Алеппого абадан соккусун токтоторун, бул мезгилде жоочуларга жана тынч жарандарга шаардан чыгып кетүүгө мүмкүнчүлүк берилерин 17-октябрда билдирген эле.

Бириккен Улуттар Уюму ок атууну токтотууну кубаттап, бирок ал жардам жеткирүүгө жана жарандарды чыгарып кетүүгө өтө эле аз убакыт экенин билдирген. Кошмо Штаттар Орусия демилгесин “өтө кеч жана өтө кыска” деп атады.