Токтогул районунда кечээ саат 10:22де Бишкек-Ош унаа жолунун 281-чакырымында “Форт Мондео” унаасы жүк ташуучу “МАЗ” унаасын капталын сүзгөн.
Жол кырсыгынан “Форт Мондео” унаанын айдоочусу 1995-жылы туулган, Н.С. каза болгон.
Жанындагы жүргүнчү З.Б. райондук ооруканасына жеткирилген.
Окуя болгон жерге ӨКМдин куткаруучулары каза болгон адамды унаадан чыгарышып, райондук өлүк канага жеткиришкен.