Бүгүн ЖК жыйынында «Республика-Ата-Журт» фракциясынын депутаты Алтынай Өмүрбекова социалдык кызматкерлердин абалына токтолсо, ошол эле фракциясынын депутаты Руслан Казакбаев облустардагы кары-картаңдардын көйгөйүн көтөрдү.

Өмүрбекова 19-октябрдагы социалдык кызматкерлердин кесиптик майрамы менен куттуктап, алардын бүгүнкү күндөгү билинбеген оор ишинен кабар берди.

“Социалдык кызматкерлер 5000-7000 сом эмгек акы алышат. Мындай маяна алып иштөө өтө кыйын. Бул кызматка келүүгө эч кандай стимул жок. Кызматтын престижи жок”,- деп белгиледи.

Ал эми ошол социалдык кызматкерлердин карамагында турган жер-жерлердеги кары-картаңдардын абалы боюнча д Казакбаев маселе көтөрдү. Анын айтымында, Бишкек, Ош шаарларындагы гана карылар үйлөрүнө жарытарлык кам көрүлбөсө, башка облустарда карылар үйлөрүнүн абалы оор. Бүгүнкү күндө, республика боюнча 6 миң кары-картаң жалгыз бой жашайт.

“Чет элдик уюмдар карылар үйлөрүн ачып берели десе, жергиликтүү бийликтер имарат маселесин чечип бербейт”,- деген депутат буга Токмок шаарындагы мындай жагдайды мисалга тартты.

Бөлүшүү