Экономика министрлигинин алдында инвестицияларды жана экспортту илгерилетүү боюнча мамлекеттик агенттик түзүлдү. Өкмөттүн тийиштүү токтомуна премьер-министри Сооронбай Жээнбеков кол койду.

Аталган чечим инвестицияларды жана экспортту илгерилетүү боюнча функцияларды аткаруунун сапатын жана натыйжалуулугун, экспорттук потенциалдын өсүшүн жана ата мекендик өндүрүүчүлөрдүн атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу максатында кабыл алынды.

Инвестицияларды жана экспортту илгерилетүү боюнча бирдиктүү орган түзүү зарылдыгы төмөндөгү факторлор менен шартталган:

•        Мамлекет алдында бизнеске ишенимди көтөрө турган, инвестицияларды жана экспортту илгерилетүү маселеси боюнча макулдашылган саясат жүргүзүү жагындагы мамлекеттик механизм катары иштетүү;

•        Эл аралык рынокто өлкөнүн имиджин илгерилетүүнүн натыйжалуулугун, ошондой эле дүйнөлүк рейтингде Кыргызстандын атаандашуу жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу;

•        Экспортту илгерилетүү боюнча өзүнчө уюм түзүүгө караганда, жалпы колдоо кызматтарына жана кызматтык жайга кеткен чыгымдарды кыскартуу (IT, адам ресурстары, бухгалтердик эсеп, юридикалык кызмат көрсөтүүлөр, коомчулук менен байланыш, изилдөө жана талдоо);

•        Инвестициялык жана экспорттук багыттар боюнча билимдерин алмашуу үчүн мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү. Ушул багыттар экономиканын илимди көп талап кылган багыты болуп саналат, ошондуктан функцияларды бириктирүү тышкы экономикалык иштерге байланыштуу маселелерди терең жана дыкат изилдөөгө мүмкүндүк берет;

•        Чет өлкөлүк түз инвестицияларды тартуу жана экспорттун көлөмүн көбөйтүү экономиканын жана ИДПнын өсүшүнө көмөктөшөт.

Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин алдындагы инвестицияларды жана экспортту илгерилетүү боюнча мамлекеттик агенттиктин негизги милдеттери:

● Кыргыз Республикасынын инвестициялык активдүүлүгүнө жана экспорттук потенцияланы өбөлгө түзүү, МЖӨнү өнүктүрүү үчүн жагымдуу чөйрөнү түзүү боюнча чараларды иштеп чыгууга жана ишке ашырууга катышуу;

● инвестицияларды, экспортту жана МЖӨнү илгерилетүү жагында Кыргыз Республикасынын эл аралык жана региондор аралык тышкы экономикалык байланыштарын өнүктүрүү;

● инвестицияларды, экспортту жана МЖӨнүн механизмдерин илгерилетүү  аркылуу кыргыз Республикасынын экономикасын диверсификациялоого көмөк көрсөтүү;

● Кыргыз Республкиасынын аймагында инвестициялык иштерди жүргузүүдө келип чыккан инвестициялык талаш-тартыштарды чечүүгө көмөк көрсөтүү.

Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин алдындагы инвестицияларды жана экспортту илгерилетүү боюнча мамлекеттик агенттиги, Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин алдындагы инвестицияны илгерилетүү агенттигинин базасында түзүлдү.

Бөлүшүү