Этиканы бузгандыгы үчүн ээлеген кызматынан бошотулду.

Мындай чечим этика боюнча комиссиянын отурумунун жана мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Замирбек Осмоновдун тапшырмасы боюнча жүргүзүлгөн кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгында кабыл алынды.

Эске салсак, жакында эле түн ичинде МСКнын Кара-Суу райондук башкармалыгынын кызматкери менен Кара-Суу базарынын жумушчусунун ортосунда мушташуу болгон. Салыкчы, мас абалында базардын аймагын тазалап жүргөн аялды зордуктоо аракетин кылып жатканда, аялына жардамга келип калган күйөөсү экөөнүн ортосунда мушташ чыгып кеткен.

Комиссиянын корутундусуна ылайык, кызматкердин мындай жүрүм-туруму мамлекеттик органдын аброюна таасирин тийгизет. Буга байланыштуу, мушташтын катышуучулары элдешип алганына карабастан, салыкчы иштеген ишинен айрылды.