Бүгүн ӨКМдин Жалал-Абад облусттук башкармалыгынын жетекчиси Абдишарип Бекиловдун демилгеси менен аскер жана мамлекеттик кызматкерлер тарабынан кан тапшыруу акциясы өткөрүлдү.

“Өкмөттүн 2005-жылдын 25-июлундагы “Донордук кандын көөнөрбөс запасын түзүү жөнүндөгү” токтомун аткаруу максатында өзгөчө кырдаалдар учурунда канын жоготкон адамдарга жана карылар күнүнө карата канга муктаж карыларыбызга жардам иретинде бүгүнкү акцияны өткөрүп жатабыз”, — деди Бекилов.

Кан тапшыруу акциясына облусттук башкармалыктын жана шаар, райондорунун бөлүмдөрүнүн аскер жана мамлекеттик кызматкерлери өз ыктыярлары менен активдүү катышышты.