Шаршембиде Невада штатындагы Лас-Вегаста өлкөнүн алдыңкы эки партиясынан АКШ президенттигине талапкерлердин ортосунда бир жарым саатка созулган акыркы теледебаттар болду.

Дебат учурунда Дональд Трамп 8-ноябрдагы шайлоодо жеңилип калса, анын жыйынтыгын таанууну убадалай албай турганын айтты.

«Ири ММКлар мени жаманатты кылган маалыматтарды таратып, уятсыз өнөктүк жүргүзүп жатат. Мунун өзү шайлоо жараянынын легитимдүүлүгүнөн күмөн санатууда . Андан сырткары шайлоочулардын тизмелеринде добуш берүү укуугуна ээ эмес болгон миллиондогон адамдар жүрөт. Ошондуктан мен күтө туруп, добуш берүүнүн жыйынтыктарын тааный-тааныбай тургандыгымды шайлоодон кийин айтам»,-деди Трамп.

Жарыш сөздүн жүрүшүндө тараптар Жогорку соттогу кызмат орундарынан тарта иммиграция, сырткы саясат, экономикалык пландарга байланышкан маселелерди көтөрүштү. Демократиялык партиядан талапкер Хиллари Клинтон Орусия америкалык шайлоо жараянына кийлигишип жатканын жана муну өлкөнүн бардык чалгындоо органдары ырастаганын билдирди. Трамп Клинтондо бул боюнча далилдери жок экенин белгиледи.

Дебаттар бүтөрү менен СNNдин буйрутмасы менен өткөрүлгөн сурамжылоолор боюнча көрүүчүлөрдүн 52 пайызы Хиллари Клинтон, 39 пайызы Дональд Трамптын жеңгенин билдиришкен.

Бөлүшүү