18-октябрь күнү кечки саат 19:40дан 19-октябрь саат 06:15 ге чейин Балыкчы шаарында катуу шамал катталды.
Шамалдын ылдамдыгы түндүк-батыштан согуп секундасына 28 метрге чейин жеткен.
Шамалдын кесепетинен турак үйлөрдүн жана социалдык курулуштардын чатырлары жабыркаган.
ӨКМ юилдиргендей, 9 турак үйдүн чатырынан 53 шифер, 65м2 профнастил, 20 андулин, 5 орто мектептин, 3 балдар бакчасынын жана 1 педогогикалык колледжинин чатырынан жалпысы 169 шифер, 24м2 профнастил, 46 метр рейка, 2м2 терезенин айнеги жараксыз абалга келген.
Жалпысынан шамалдан 222 шифер, 89м2 профнастил, 20 андулин, 46 метр рейка, 2м2 терезенин айнеги чыгымга учураган.