Бүгүн, 21-октябрда Жалал-Абад шаарында “Өнүгүү-Прогресс” парламенттик фракциясы көчмө жыйын өткөрдү.

Жыйын жүрүшүндө фракция лидери Бакыт Төрөбаев жакында жергиликтүү кеңештерге шайлоо боло турганын жана эч кандай интригаларга аралашпастан, жаманатты кылып, бирөөлөрдү жамандабастан, тигини шайла, муну шайлаба дебестен, иштей тургандыктарын билдирди.

“Эл өзү билет — кимди шайлайт, кимди шайлабайт. Ар кандай интрига кылып, ар кандай сөздөрдү айта албайбыз. Биз баарыбыз бир элбиз, бир Кыргызстанда жашайбыз, тигил-бул деп бөлбөйбүз. Баарыбыз бир тууганбыз. Мен ишенем, Кыргызстан өнүккөн мамлекеттердин бири болот. Биз ушул багытта иштейбиз”, — деп чогулушту жыйынтыктады.

Жыйындын жүрүшүндө фракция депутаттары Жалал-Абад шаарына багытталган Эл аралык донорлордон бөлүнгөн каражаттардын пайдаланышын, анын ичинен “Таза суу” долбоору канчалык деңгээлде, “Тазалык” долбоорлору канчалык деңгээлде аткарылганын угушту. Ошондой эле саламаттыкты сактоо тармактарынын бүгүнкү күндөгү абалдары кандай жана ички чарбалык жолдор боюнча маселени карашты.