Экотехинспекциянын өрт көзөмөлү тарабынан инспекторлор 9 ай ичинде республика боюнча жалпысынан 2211 текшерүү өткөрдү.
Анын ичинен пландуу 1045, пландан тышкары 614, контролдук 550.
2211 текшерүүнүн ичинен 622 мамлекеттик ишканалар, 416 ишкердик субъектилер жана 7 жеке жактар текшерилди.
Өткөрүлгөн текшерүүлөрдүн негизинде 11507 мыйзам бузуулар табылган, алардын негизинде 402 протокол жана токтом берилген.
Берилген токтомдордун негизинде 2 млн 179 миң сом административдик айып салынып, анын ичинен 1 млн 769 миң 200 сом республикалык бюджетке өндүрүлгөн.
Бийлик органдарына жалпысынан көмөк көрсөтүү үчүн 1 материал жиберилген.
Бүгүн мамэкотехинспекциясынын 9 айлык коллегиясы өттү.