Президент Алмазбек Атамбаев Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгуловду кабыл алды.
Мамлекет башчысы республиканын валюталык рыногунун абалы, Кыргызстандын экономикасындагы азыркы кырдаал, акча-кредиттик саясат жана валюта рыногунда кырдаалды турукташтыруу жана алмаштыруу курсунун кескин олку-солку болушун жумшартуу үчүн колдогу инструменттерди колдонуу жөнүндө маалымат алды.
Толкунбек Абдыгулов Ислам өнүктүрүү банкы менен биргеликте исламдык каржылоо принциптерине негизденип иштей турган жаңы эки институтту: коммерциялык банк жана өнүктүрүү, чакан жана орто бизнести колдоо инвестициялык фондун түзүү тууралу айтып берди.
Президент финансы системасынын туруктуулугун камсыз кылуу жана улуттук валютанын туруктуулугун кармоо үчүн өз учурунда чара көрүүнүн маанилүү экенин белгиледи.