“Бюджеттин кирешелеринин толбой калышын жоюу максатында өкмөт тарабынан жалпы суммасы 19 млрд сом болгон кошумча булактарды табууга багытталган чечимдер кабыл алынды”, — деп маалымдады премьер-министр Сооронбай Жээнбеков бүгүн Жогорку Кеңештин бюджет жана финансы комитетинин кеңейтилген жыйынында.
Бул кошумча ресурстарды негизинен төмөнкүлөр түздү:
-салыктык эмес кирешелер 5 млрд. 542 млн. сом.
— Президент активдүү кийлигишүүсү менен Орусиядан, АБРден, Европа биримдигинен жана башка донорлордон келген гранттар 4 млрд 200 млн сом.
“Белгилей кетчү нерсе, 4,5 млрд салыктык кирешелер жана 3 млрд 700 млн сом башка гранттар түшпөй калган. Ошол эле убакта, жогоркуларга кошумча, дагы үч мүмкүнчүлүктөрдү жараттык. Биринчиден, 5 млрд. 528 млн сомго кошумча каржылоо ресурстары табылды. Откөн жылдан казнанын эсебинде калган каражаттар 5 млрд 669 млн сомду түздү, бюджеттин чыгымдарын оптималдаштыруу жана чыгашаларды кыскартуу 5 млр 106 млн сом. Ошентип, кошумча табылган бардык ресурстардын жана бюджеттик чыгышалардын оптималдаштыруунун суммасы 19 млрд. ашык сомду түздү. Бул үстүбүздөгү жылдын башынан бери карай Өкмөткө жогорку артыкчылыктагы чыгашалар боюнча республикалык бюджеттин 19 млрд. сомдон ашык кошумча чыгымдарын ишке ашырууга мүмкүндүк берди”, — деди өкмөт башчысы.
Сооронбай Жээнбеков эске салгандай, бул “Балыкчы-Корумду”, Бишкек-“Манас” эл аралык аэропорту” автожолун реконструкциялоону өз убагында каржылоо, ошондой эле Экинчи Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарын, Тарых жана маданият жылынын алкагындагы иш-чараларды уюштуруу жана өткөрүү, Ата-Бейитте “Үркүн” курмандыктарына арналган мемориал эстеликтин ачылышы, Тайлак баатырдын 220 жылдыгы, Эгемендүүлүктун 25 жылдыгы, КМШ өлкө башчыларынын катышуусундагы эл аралык иш-чараларды жогорку деңгээлде өткөрүүгө мүмкүндүк берди.
“Булар дүйнөлүк коомчулуктун алдына Кыргызстандын аброюн жогорулатып, анын ичинде туристтик жактан кызыктуу өлкө экендигибизди таанытты”, — деди Премьер-министр.“Дүйнөдөгү жана аймактардагы экономикалык каатчылыкты, экспорт менен импорттун көлөмүнүн азайышын, ошондой эле инвестициялык активдүүлүктүн солгундашын эске алуу менен, биз баштапкы болжолду 5,2%дан 2,7 %га түшүрүүгө аргасыз болдук. Ушундай кырдаалга карабастан Өкмөт бюджеттин тартыштыгын көбөйтпөөгө, кирешелердин жалпы көлөмүн азайтпоого жана артыкчылыктуу чыгашалардын баарын, анын ичинде корголгон беренелердеги чыгымдарды толук көлөмдө каржылоого жетишти”, — деди Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков.
Республикалык бюджеттин киреше бөлүгү 125,9 млрд сом суммасында болжолдонууда, бул бекитилген бюджеттен 1,6 млрд сомго көп (124,3 млрд. сом).
Бюджеттин чыгашалар бөлүгү 148 млрд сомду түздү, бул бекитилгенден 1,2 млрд сомго жогору (бекитилгени – 146,8 млрд.сом).