КСДП фракциясынын көпчүлүк коалициядан чыгары тууралуу маалымат тараган.
Фракция эмнеге чыккандагы тууралуу билдирүү таратты.
«Биздин фракция коалицияны түзүү менен ал иштеген бардык мезгил бою теӊ укуктуу жана тең жоопкер өнөктөштүк маанайын арттыруу аракетин көрүп келди. Коалицияны бекемдөөгө аракет кылган Жогорку Кеңештин көптөгөн депутаттарына ыраазыбыз. Алардын жардамы менен өлкөнү өнүктүрүү жана туруктуулукту чыӊдоо үчүн көп нерсени жасоо мүмкүн болгонун билдиргибиз келет. Кыргыз Республикасынын кызыкчылыктары жана элибиздин жакшылыгы үчүн компромисстик чечимдерди таап келдик», — деп айтылат маалыматта.
Маалымат боюнча Акаевдер жана Бакиевдер менен жалпы кызыкчылыгы бар жана азыркыга чейин алардын көрсөтмөлөрүн аткарып жатышат деп айтылган адамдар менен бир коалицияда боло албай тургандарын айтты.
«Өлкөбүздүн улуттук кызыкчылыктарына каршы тургандар менен да бир коалицияда боло албайбыз. Мунун баары конституциялык реформанын жүрүшүндө ачык-айкын көрүндү. Мурда айрым өнөктөрүбүздүн мародерлукка катыштыгы жок деп ишенгибиз келген эле. Бирок эми алардын дарегине эң жаман айыптоолор тууралу айтылып жаткан фактылар менен күбөлөр улам көп чыккан сайын жаңы жагдайлар менен фактылар толук териштирилип бүткүчө алар менен бир коалицияда болбой турууну туура таптык», -маалыматта.