КСДП фракциясы коалициядан чыгуу чечимин өздөрүнүн жыйынында чыгарган.

Буга чейин коалициялык көпчүлүккө КСДП, «Кыргызстан», «Өнүгүү-Прогресс» жана «Ата Мекен» фракциялары кирген. Эмне үчүн коалициядан чыкканы азырынча белгисиз, бирок жакынкы күндөрү фракция лидери Иса Өмүркулов расмий билдирүү жасайт деген маалыматтар айтылууда.