2-ноябрда Кыргызстанга Кытайдын премьери Ли Кэцяндын расмий иш сапары менен келет.

Эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелери талкууланышы пландаштырылууда жана бир катар документтерге кол коюлат.

3-ноябрда ШКУ мамлекеттери ортосундагы кызматташтыкты тереңдетүү жана бекемдөөгө арналган маселелерин кеңири талкуулаган Шанхай кызматташтык уюмунун курамына кирген мамлекеттердин Өкмөт башчыларынын кезектеги жыйыны өтөт.

Мындан сырткары премьер-министри Сооронбай Жээнбеков ШКУ кирген мамлекеттердин Өкмөт башчылары менен бир катар эки тараптуу жолугушууларды өткөрөт.