2016-жылдын август айынын башына чейин экономикалык өсүштө терс динамика гана болуп келген.
Бул тууралуу премьер-министр Сооронбай Жээнбеков бүгүн Жогорку Кеңештин бюджет жана финансы комитетинин кеңейтилген жыйынында билдирди.
«Ушул экономикалык өсүштү жана макроэкономикалык туруктуулук тенденциясын сактап калуу үчүн Өкмөт экономиканын бардык секторлорундагы максаттуу көрсөткүчтөрдү камсыз кылууга, каатчылыкка каршы чаралардын пакетин сапаттуу ишке ашырууга жана иштиктүү активдүүлүккө дем берүүгө багытталган чараларды көрүп жатат”, — деди ал
Премьер-министр маалымдагандай, 9 айдын ичинде ички дүң продукциянын көлөмүнүн жалпы суммасы 310,1 млрд сомду түзүп, реалдуу өсүш 102% болду, ал эми “Кумтөр” кенин кошпогондогу реалдуу өсүш 103,1%ды түздү.
2016-жылдын 9 айынын жыйынтыгы боюнча республикалык бюджеттин аткарылышы төмөнкүдөй болду:
— республикалык бюджеттин кирешесинин жалпы көлөмү 80,2 млрд сомду түздү, же план 100,4%га аткарылды;
— салыктык кирешелердин жалпы көлөмү 57,7 млрд сомду, же пландын 96,5%ын түздү;
— салыктык эмес түшүүлөр 16,9 млрд сомду түздү, же пландын 105,2 %ын түздү.
Республикалык бюджеттин аткарылышынын чыгашалар бөлүгү 94 млрд сом суммасында аткарылды, же 92,3%ды түздү.
2016-жылдын 9 айынын ичинде республикалык бюджеттин чыгашалары корголгон беренелер боюнча 60,4 млрд сомго каржыланган (же 97,4%ды түздү).