Өзбекстан президентинин милдетин аткаруучу Шавкат Мирзиёев айрым кылмыштар үчүн түрмөгө кесүүчү жазаларды жокко чыгарган жарлыкка кол койду.
Президенттин милдетин аткаруучу Шавкат Мирзиёев 21-октябрда соттук-укуктук системаны реформалоо, жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин коргоо боюнча жарылыкка кол койду.
Жарлыкка ылайык, кылмышка шектелгендердин камакта калуу мөөнөтү 72 сааттан 48 саатка чейин кыскарды. Убактылуу абакта же үй камагында калуу мөөнөтүнүн эң жогорку чеги 1 жылдан 7 айга чейин төмөндөтүлдү.
Эксгумация боюнча тергөө иштерин жүргүзгөн прокурорлордун ыйгарым укуктары сот органдарына берилди.
Мындан тышкары абакта же үй камагында калтыруудан баш тартышкан учурда соттор альтернативдүү баш коргоо чарасын колдоно алышат. Аны менен бирге коомдук коркунуч жаратпаган айрым кылмыштардын түрлөрү Кылмыш кодексинен алынып салынат.