2017-жылы “Капиталдык салымдар” беренесин каржылоого ички булактардан 2,9 млрд сом каралды.
Анын ичинен кошумча 250 млн сом 4 жаңы лабораторияны курууга жана ЕАЭБдин талаптарына жооп берген ветеринардык диагностиканын аракеттеги 13 зоналык борборун оңдоого жумшалат.
Бул тууралуу премьер-министр Сооронбай Жээнбеков бүгүн ЖКнын бюджет жана финансы комитетинин кеңейтилген жыйында билдирди.
Премьер-министр ошондой эле биринчи жолу райондордун борборлорунун автожолдорун ондоого республикалык бюджеттен 750 млн. сом каралганын маалымдады.
Эске салсак, Жогорку Кеңештин бюджет жана финансы боюнча комитетинин жыйынында 2016-жылдын 9 айына карата республикалык бюджеттин аткарылышы тууралуу маалымат угулуп, «Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү «Кыргыз Республикасынын 2016-жылдагы бюджети жана 2017-2018 жылдарга божомолу» жана « Кыргыз Республикасынын 2017 жылга карата бюджети жана 2018-2019-жылдарга божомолу» тууралуу мыйзам долбоору каралды.