«Республика — Ата-Журт» фракциясынын лидери Өмүрбек Бабанов журналисттер менен жолукканда азыркы кырдаалдар тууралуу айтып берди.
«Эмнеге коалиция ыдырады? Бардыгыбыз коалиция кагаз жүзүндө гана бар экенин билебиз. Коалиция бузула турганын түшүнгөнбүз. Бирок күтүүсүз жерден болду. Референдум өткөргөндөн кийин таркатылсын деп сунуштаганбыз», — дейт ал.
Анын айтымында, кийинки коалиция бекем болуш үчүн партиялардын идеологиялары, программалары дал келиши керек.
«Парламентте бир маселе көтөрүлсө КСДП менен биздин позициябыз көпчүлүк учурда окшош болот», — деди эл өкүлү.