Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков ЖКнын бюджет жана финансы комитетинин жыйынында бул суроолорго жооп берди.
Анын айтымында, бул маселе бюджеттик каражаттарды туура эмес пландагандан улам келип чыккан.
Өкмөт башчы, долбоордун сметалык наркы 6 млрд 800 млн сом турганын эскертти. Унаа жолдун курулушу каржылоо булагысыз башталган, аталган долбоор «Альфа Телеком» ЖАК акцияларынан түшкөн каражатка каржыланары пландалган.
«Тилеке каршы, мурда пландагандай «Альфа Телеком» ЖАК сатып алуучулар болгон жок, жыйынтыгында жумуш эки айга токтоп калды. Мен премьер-министр катары өз ишимди дал ошол долбоорду иликтөөдөн баштадым. Ошол тапта кытай компаниясында жетишээрлик техника болгон эмес жана асфальт бетон заводу да орнотулган эмес. Ишти тездетүү үчүн биз каражат издей баштадык, ал учурда туристтик сезон жана дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына жакындап калган эле. Булардын баарын эске алуу менен, «Балыкчы – Корумду» жолунун айрым тилкелерин бүтүрүүгө туура келди. Биз аткаруучуларга курулуш иштерин көрсөтүлгөн мөөнөттө бүткөрүүсүнө катуу талап койдук. «Балыкчы-Корумду» жолунун курулушундагы маселе бюджеттик каражаттарды туура эмес пландагандан улам келип чыкты»,-деди Жээнбеков.
Аны менен катар өкмөт башчы жыл аягына чейин пландалган 80 мектептин бардыгы жаңы жылга чейин бүтө турганын баса белгиледи.