23-октябрда саат 17:00дөр  чамасында Казарман айылынын тургуну Кошой Молдобаевдын үйүндө курулуш иштерин жүргүзүп жаткан 37 жаштагы Илхом жана 34 жаштагы Кадыр аттуу жарандар (фамилиялары белгисиз) мончого барабыз деп чыгып кеткен бойдон кайтып келген эмес.

ӨКМдин кызматкерлери бүгүн тез жардам УАЗ автоунаа жана 2 ат менен издөө иштеринде жүргүзүшкөн. Саат 13:20да Казарман-Жалал-Абад автоунаа жолунун 44-чакырымында Сары-Кыр ашуусунда Ильхом аттуу жарандын катуу сууктун кесепетинен тоңуп калган жансыз денесин табышып, райондук оорукананын сөөктөрдү кармоо бөлүмүнө өткөрүп беришкен.

Учурда издөө иштери жүрүп жатат.