Бүгүн конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана ЖКнын регламенти комитети  «Референдуму жөнүндө» мыйзам долбоорун үчүнчү окууда жактырды.

11-декабрда Конституцияны өзгөртүү үчүн референдум өткөрүү пландалууда.

Мыйзам долбоору менен референдум өткөрүү практикасына жаӊы автоматташтырылган технологияларды киргизилүүдө.

Андан тышкары, жарандардын биометрикалык маалыматтарын, референдумдун катышуучуларынын электрондук тизмесин колдонууну киргизүү сунушталууда. Мындай чаралар шайлоо жүрүмүндөгү жасалмалоолор менен бузууларды болтурбоого мүмкүндүк берет.