Жарлыкка ылайык, КСДП, «Кыргызстан», «Өнүгүү-Прогресс», «Ата Мекен» депутаттык фракцияларынын ортосундагы 2015-жылдын 2-ноябрындагы коалициялык макулдашуунун негизинде түзүлгөн фракциялардын коалициясы парламенттик көпчүлүк статусун жоготкондугу жөнүндө расмий жарыялангандыгына байланыштуу жана Конституциянын 65-беренесине, 84-беренесинин 7-бөлүгүнө, «Өкмөт жөнүндө» конституциялык мыйзамынын 13-беренесинин 1-бөлүгүнүнүн 1-пунктуна жана 4-бөлүгүнүн экинчи абзацына ылайык токтом кылынат:
- КСДП, «Кыргызстан», «Өнүгүү-Прогресс», «Ата Мекен» депутаттык фракцияларынын ортосундагы 2015-жылдын 2-ноябрындагы коалициялык макулдашуусуна ылайык түзүлгөн өкмөт отставкага кетти деп эсептелсин.
- Премьер-министр, биринчи вице-премьер-министринин, вице-премьер-министрлеринин, өкмөттүн мүчөлөрүнүн, ошондой эле административдик ведомстволорунун жетекчилеринин кызмат ордун ээлеген адамдар мурда ээлеген кызмат орундарына ылайык өкмөттүн мүчөлөрүнүн жана административдик ведомстволорунун жетекчилеринин милдеттерин аткарууну өкмөттүн жаңы курамынын мүчөлөрү жана административдик ведомстволордун жетекчилери дайындалган күнгө чейин улантышсын.
- Жарлык кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.