Жогорку Кеңештин жыйынында “КР Жер кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоору 2-окууда каралды.

Мыйзам долбоорунун демилгечилеринин бири Мирлан Бакировдун айтымында, республика боюнча 535 парк аймагы бар. Алардын 10% гана ижарага берилген. Калганы ижарага берилбей өзүн өз актабай келет. Натыйжада парк аймактары жакшы каралбай калган. Андыктан, кароосуз калып бара жаткан парктарды көрктөндүрүп, жашылдандырып, аттракцион куруп иштетүү үчүн ишкерлердин 15 жылга алып иштетүүсүнө шарт түзүп берүү зарылдыгы жаралган.

Сунушталган мыйзам долбоору аркылуу эс алуу жана маданий парктардын жер тилкесинин инвестициялык ижарасы деген түшүнүк киргизилип, эс алуу парктарына капиталдык курулуш куруу жана субижарага берилиши мүмкүн эместиги белгиленген. Балдар ойноп, көңүл ачуучу, спорттук жеңил курулмаларды куруу үчүн мөөнөттүү пайдаланууга 15 жылга чейинки мөөнөткө инвестициялык, конкурстук ижарага берүү мүмкүндүгү сунушталган.

Талкууда депутат Кожобек Рыспаев парктардын көпчүлүк бөлүгү жашыл бак-дарактар менен чулганышы керектигин, аз канча гана бөлүгүндө жеңил курулуштар салынышы зарылдыгын белгиледи. Долбоор 25%га чейин гана жеңил курулуштарга уруксат берилери белгиленген. Бир катар депутаттар эс алуу парктарына ар кандай капиталдык курулушка тыюу салынаары так жазылганын такташты. Ошону менен катар парктарды көрктөндүрүп, жашылдандырып, аттракцион куруу үчүн ижарага берүүнүн ачык айкындуулугун камсыз кылуу жагын так белгилөө сунушталды. Ижарага берүүдө белгиленген шарттар аткарылбаса аны кайра алып коюу жагы дагы эске алынышы керектиги айтылды.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү