Өзбекстандын премьер-министринин орун басары Адхам Икрамов баштаган 120дан ашуун адамдан тургун топту вице-премьер-министрлер Мухамедкалый Абылгазиев, Жеңиш Разаков, Баткен, Жалал-Абад, Ош облусундагы ыйгарым укуутуу өкүлдөрү, Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев жана башка өкмөт мүчөлөрү баштаган расмий топ күтүп алды.

Иш сапардын алкагында Ошто бир катар маданий иш-чаралар, айыл чарба, азык-түлүк, өндүрүш жармаңкеси уюштурулат. Ошондой эле Бабур атындагы драм театрда спектакль коюлуп, Ош шаарындагы жаш активистер менен жолугуулар болот. Соңунда эки өлкө ортосундагы кызматташтыкты жакшыртуу, байланышты бекемдөө боюнча документтерге кол коюлат.

Айта кетсек , достукту, ынтымакты бекемдөө максатында үстүбүздөгү жылдын октябрь айында биринчи вице-премьер-министр М.Абылгазиев баштаган 130 адамдан турган кыргызстандык делегация Анжиян шаарына барып, алакаларды жакшыртып жакшы саамалыктарга күбө болуп келишкен.