26-октябрда саат 19:00 чамасында Лермонтов көчөсү 35а-дарегинде пластик эшик-терезе чыгаруучу 2 цехте өрт кырсыгы катталды.

Натыйжада  болжол менен 700 чарчы метр темир жабылган чатыры, профильдер, станоктор, даяр пластик эшик-терезелер күйгөн.

ӨКМдин маалыматы боюнча, жабыркагандар жок.

Электр жабдууларын куроодо эрежелердин бузулушу өрттүн болжолдуу себеби катары эсептелүүдө.