Жукеев-Пудовкин көчөсү Жантөшев көчөсүнөн Суванбердиев көчөсүнө чейин унаа кыймылы үчүн убактылуу жабылды.

Бишкек мэриясынан билдиргендей, №120 мектепке чейинки билим берүү мекемесинин жылуулук трассасында болгон авариялык абалды четтетүүгө байланыштуу убактылуу чектөө киргизилди.