ЖК жыйынында «Кыргызстан» фракциясынын депутаты Жыргалбек Калмаматов коомчулукта кургак учук менен ооругандардын саны арбып баратканына кабатырланды.
Анын айтымында, түрмөлөрдөн жазасын өтөп чыккандардын көпчүлүгү кургак учук менен оорушат. Алар эркиндикке чыкканда коомчулук менен аралашып, кургак учук байма-бай жайылууда.
“Андыктан, бул жагдайга көңүл буруп, чара көрүү керек”,- дейт депутат.
Элдин ден соолугу темасын улаган «Бир бол» фракциясынын депутаты Улукбек Ормонов эл арасында бөйрөк, боор оорулары менен ооругандар көбөйүп баратканын айтат.
Депутаттын пикиринде, республикалык бюджеттен жарандардын саламаттыгын сактоого деп каралган 70 миллион сомдун ордуна, жылына 10 миллион сом гана каралып жатат. Анын кесепетинен, тиешелүү жабдуулар, дары-дармектер алынбай, бир топ адамдар өмүрү менен кош айтышып кетүүдө. Эл өкүлү бул маселеге олуттуу карап, бюджетте каралган каражатты толугу менен каржылоо керектигин билдирди.
Ал эми КСДП фракциясынын депутаты Музаффар Исаков түштүк аймактарда бөйрөк оорусу боюнча болгону 4 гана диализ аппараты бар экенин айтып, алардын санын дагы көбөйтүүнү өкмөткө сунуш кылды.
Гемодиализ тартыштыгы көйгөйүн «Өнүгүү-Прогресс» фракциясынын депутаты Тазабек Икрамов дагы улап, бөйрөк оорулуулардын башкы маселесине айланган бул жабдууну сатып алууга кошумча каражатты аткаруу бийлиги табышы керек дейт.