Экотехинспекция: Александровка айылындагы мектеп техникалык талаптарды аткарбайт

Автор -
495

Чүй облусунун Москва районундагы Александровка айыл аймагына караштуу “Беш-Көрүк” орто мектебинде техникалык талаптарга жооп бербеген, жылытуучу жабдыктарды орнотуп, мектепти жылытып келишет.

Буга чейин экотехинспекциянын инспекторлору кыш мезгилине даярдыктарды текшерип келгенде, бир нече ирээт эскертүүлөрдү беришкен.

Бирок ага карабастан кооптуу абалды жаратуучу жылыткычтарды колдонуп келген мектеп жетекчилиги, бул көрүнүштү айыл өкмөтүнүн жоопкерчилигинде экенин билдиришти.

Ал эми Александровка айыл өкмөтү инспекторлордун талаптарын аткарбай келет. Инспекторлордун айтымдарында, коомдук жайларда, мектеп жана бала бакчаларда электр жабдыктарынын орнотулушу жана колдонушу тууралуу тез-тез текшерүүлөр жүрүп турат, бирок айрым мектептерде мындай көрүнүштөр өрттүн чыгып кетүү себептерин жаратат.

Экотехинспекция билдиргендей, бир нече ирээт текшерилип, эскертүү берген инспекторлор, Александровка айыл өкмөтүнүн жетекчилигине мектепке жасаган шалаакылык мамилеси үчүн, катуу жаза беришээрин баса белгиледи.

unnamed-4 unnamed-5 unnamed-6