Бишкек шаарында вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу Гүлмиры Кудайбердиеванын катышуусунда КМШ мамлекеттеринин чыгармачыл жана илимий интелегенциясынын XI форуму өтүүдө.

Форум КМШ өлкөлөрүнүн мамлектетер аралык гуманитардык кызматташуу фондунун жана  тарых жана маданият жылына карата даярдык көрүү жана аны өткөрүү боюнча мамлекеттик дирекциясынын колдоосу менен өтүп жатат.

Форумдун темасы – «Көз Карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин 25-жылдыгы. Гуманитардык кызматташуунун келечеги».

Форумга катышуу үчүн Кыргызстанга Орусиянын президентинин эл аралык маданий кызматташуу боюнча атайын өкүлү, КМШ өлкөлөрүнүн мамлектетер аралык гуманитардык кызматташуу фонду башкармалыгынын тең төрагасы Михаил Швыдко, Орусия, Азербайжан, Армения, Беларусь, Казакстан, Молдова, Тажикстан, Өзбекстан жана Украинанын маданият, илим жана билим тармагындагы аалымдары келди.

27-28-октябрда өтө турган Форум Шериктештикке кирген мамлекеттер ортосунда гуманитардык кызматташуу багытында конкреттүү идеяларды талкуулоого конструктивдүү аянт болот.

Катышуучулар «КМШ аймагында маданий диалогду өнүктүрүү», «Шериктештиктин жалпы мейкининде билимдин жеткиликтүүлүгү жана сапаты», «Евразия интеграциясында жаштардын ролу», «Туризм интеграциялык процесстерди ылдамдатуу фактору» сыяктуу маселелерди талкуулашат.

Ошондой эле форумдун алкагында «Шериктештик Дебюту» Эл аралык жаштар премиясын тапшыруу салтанаты жана 2017-жылы КМШ маданий борборунун презентациясы болот.
Салтка ылайык форумдун алкагында азербайжандын Гянджа шаарынын жаңы маданий борборунун презентациясы да өтөт.

Форумдун иши Шериктештик интелегенциянын илимий жана чыгармачыл тармакта биргелешкен ишинин жыйынтыгын чагылдырган жыйынтыктоочу резолюцияны кабыл алуу менен аяктайт.