VIII жалпы орусиялык геологдордун съездине катышууга кыргыз делегациясы барды.

Делегацияны жетектеп өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасынын орун басары Уланбек Рыскулов бармакчы.

Иш-чаранын биринчи күнү Кремль сарайында өтүп, ага 2 миңге жакын делегат жана адистер катышты. Кыргызстан менен биргеликте Түркмөнстан, Казакстан, Өзбекстан, Армения катышууда.

Рыскулов өз сөзүндө жалпы геология мектеби аларды бириктирип жатканын белгиледи.

«Мурункудай эле биздин өлкөнүн геологдору бири-бири менен иштешүүдө. Геология жер жөнүндөгү илим, улуттук же аймактык чек жок. Бул съезд бизге алака түзүү, мамилени жакшыртуу үчүн кадам болду», — дейт ал.

Съезд кечээ башталып, 28-октябрга чейин уланат.