Нижний Новгороддо болгон 23-октябрдагы куралдуу кол салуу үчүн «Ислам мамлекети» экстремисттик тобу жоопкерчилик алды.

Бул тууралуу шаршембиде исламчылардын интернеттеги активдүүлүгүн изилдеген SITE эл аралык уюму билдирди.

Ушул аптада Орусиянын укук коргоо органдары Нижний Новгороддо атайын операциялар өткөрүлүп, алардын жүрүшүндө терроризмге шектелген эки адам өлтүрүлгөнүн билдирген. ММКлар полиция жардыруучу зат издеп бир нече турак үйдү курчоого алганын кабарлашкан. Бирок тартип сакчылары окуянын исламчыларга байланышы бардыгы тууралуу айтышкан эмес.

Буга чейин «Ислам мамлекети» деп аталган топ Орусиядагы кол салуулар үчүн жоопкерчилик алган. Алардын көбү Түндүк Кавказда болгон.