Ош шаарынын Курманжан-Датка көчөсүнүн №224 а дарегиндеги курулуп жаткан имараттын курулушу техникалык талаптарды бузуу менен курулуп жатат.

Бул тууралуу экотехинспекциянын текшерүү иштеринин алкагында белгилүү болду. Ага ылайык, буйрутмачы Г. Эркинбаева кафени бузуп, ордуна эки кабаттуу кафе, кеңсе жана жер төлөөсү менен курдуруп жатканы аныкталды. Текшерүү учурунда аталган обьектинин архитектуралык уруксат иш-кагаздарында көптөгөн кемчиликтер табылып, “Адис-Алай” ЖЧКу тарабынан иштелген долбоордо жер иштеринин (котловандын) планы толугу менен аткарылган эмес, жаңы курулуштун жанындагы беш кабаттуу имараттын терезелери пожардык жана санитардык эрежелери сакталган эмес. Натыйжада көптөгөн техникалык талаптарга жооп бербегендигинин негизинде, экотехинспекция кызматкерлери тарабынан курулуш-монтаждоо иштери токтотууга жазма буйрук берилип, колдонулуп жаткан электр энергиясын өчүрүү менен бирге курулуш иштери токтотулду.