Бүгүн Жалал-Абад областынын милиция кызматкерлери үчүн 100 батирлүү көп кабаттуу үйдүн алгачкы капсуласы жакшы тилектердин коштоосунда салынды.

Мындай саамалыкка ИИМдин орун басары милициянын генерал майору Сүйүн Өмүрзаков, өкмөттүн аймактык ыйгарым өкүлү Кыянбек Сатыбалдиев, Жалал-Абад ОИИБнын жетекчилиги жана өздүк курамы, ИИМдин ардагерлери жана жергиликтүү бийлик  өкүлдөрдүн катышуусунда жүрдү.

Ички иштер органдары үчүн атайын көп кабаттуу үйдүн курулушу Жалал-Абад обласынын тарыхында алгачкысы. Милиция кызматкерлерине карата мамлекет тарабынан көрүлгөн мындай камкордукка учурда коомчулук тарабынан да жылуу каалоо-тилектер  байма-бай айтылып келет.

 

Бөлүшүү