Буга чейин айрым ММКларда Бишкектин түштүк аймагындагы жашоочуларына көмүр жетишсиз болууда деген маалыматтар чыккан.

Мындан улам кечээ өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитети маалыматты текшерүү үчүн жерине барган.

Текшерүү учурунда көмүр жетиштүү экени белгилүү болду.

Ошол эле учурда пункттарда көмүр кени Кара-Кече 70-80 тонна камдалган. Пункттарда көмүрдүн бир кабы 250 сом.

Комитет Кыргызстандын жана Казакстандын көмүр казып алуучу ишканаларынын өкүлдөрү жана ишкерлери менен ыкчам жыйын өткөрдү.

unnamed-6 unnamed-7 unnamed-8