Акүйдүн өкүлү Жош Эрнест америкалык саясатчылардын компьютерлерин бузууга Орусиянын тиешеси жоктугу тууралуу Орусия лидери Владимир Путиндин билдирүүсүн четке какты.

«Шектенүүлөрдүн негизсиз экенин орус президенти Путин айтканына карабай, Обаманын администрациясы дагы деле орусиялык хакерлер АКШдагы шайлоо жараянына кийлигишип жатат деп эсептейт», — деп билдирди Акүйдүн басма сөз катчысы Жош Эрнест.

Анын айтымында, администрациянын мындай позициясы америкалык чалгындоо кызматтарынын чечимдерине негизделген.

«Орусиянын хакердик ишмердүүлүгү — терең тынчсыздануунун булагы. Ошондуктан азыр президент менен анын жардамчылары Кошмо Штаттар ал чабуулдарга кантип туура жооп бериши керектигин карап жатышат», — деп кошумчалады Обаманын басма сөз катчысы.

Вашингтондун расмий билдирүүсүнөн кийин америкалык комментаторлордун көбү Путиндин жардамчысы Владислав Сурковдун электрондук почтасынын бузулушу орус хакерлеринин аракеттерине каршы көрүлгөн чара болушу мүмкүндүгүн божомолдоп жатышат. Ачыкталган маалыматтарда Украинадагы абалды туруксуздаштыруу боюнча Кремлдин мурдагы жана пландалып жаткан аракеттери тууралуу жазылган.

Ошол эле маалда NBC телеканалынын америкалык чалгындоо кызматтарындагы булактары Сурковдун почтасынын бузулушуна Вашингтондун тиешеси жок экенин билдиришүүдө. Алардын айтымында, ачыкталган документтердин анык экенинен күмөн санап кереги жок. Анткени алар буга чейин эле белгилүү болгон Владислав Сурковдун Украинанын чыгышындагы жикчилдерди башкаруучу ролун ырастап турат.