Исфана шаарында адам сатууну алдын алуу жана болтурбоо максатында жаштар өкүлдөрүнүн катышуусунда семинар, лекциялар өтүлүүдө. 

Катышуучуларга жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, укук коргоо кызматынын жана казыят кызматкеринен түзүгөн адистер бир катар пайдалуу маалыматтарды айтып, алардын тиешелүү суроолоруна жооп беришүүдө.

Муфтияттан билдиргендей, иш чара Баткен облусунун ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты тарабынан уюштурулуп, башка аймактарда да улантылат.