Экономика министринин милдетин аткаруучу Арзыбек Кожошев иш чаранын ачылышында куттуктоо сөзү менен бирге башка улуттардын кызыгуусу өзүбүздүн тилге жасаган мамилебизден көз каранды болуп, мамлекеттик тилдин өнүгүүсүнө өзүбүздүн жоопкерчилигибиз  чоң  экендигин белгилей кетти.

Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Эгемберди Эрматов “Токмогу күчтүү болсо кийиз казык жерге кирет” деген кепке токтолду.

«Жетекчилик тарабынан талап күчтүү болсо тартип орноп, иш алдыга жылат. Арзыбек Орозбекович, мекемедеги мамлекеттик тилдин абалын башкаларга үлгү болгудай кылып жакшыртуу сиздин колуңузда ,” – деп министрге кайрылды.

Ошондой эле мамлекеттик тилдин өнүгүүсүнө салымын кошкон кызматкерлерге мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын сыйлыктарын тапшырды.

Экономика министрлигинин мамлекеттик тил боюнча адиси  министрликтеги мамлекеттик тил боюнча аткарылып аткан иштер боюнча кыскача маалымат берип өттү.

Иш чараны министрликтин кызматкерлери тарабынан уюштурулган таймаш коштоп, көркөм окуу, бата берүү, макал-лакап айтуу сыяктуу сөз өнөрү боюнча күч сынашты.

Бөлүшүү