Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков бүгүн быйылкы жылга пландаштырылган мектептердин курулушу боюнча жумушчу кеңешме өткөрдү.

Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директорунун милдетин аткаруучу Турдубек Мамбетов малымдагандай, 2016-жылга жаңы 80 орто билим берүү мекемесинин курулушу пландаштырылган Бүгүнкү күндө 31 мектеп курулуп бүтүп, калган обьектилердин курулушу ушул жылдын аягына чейин бүткөрүлөт. Ал белгилегендей, бардык мектептердин курулушуна 400млн сом которулушу күтүлүүдө.

Кеңешменин жыйынтыгында Сооронбай Жээнбеков каржы министрлигине бардык иштерди жыйынтыктоо үчүн зарыл болгон каражатты которууну тездетүү тапшырмасын берди.

Анын менен бирге экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясына кабыл алууга даяр болгон билим берүү обьектилериндеги иштин сапаттуу аткарылышына өзгөчө көзөмөлгө алууну тапшырды.

Сооронбай Жээнбеков 2016-жылга пландаштырылган курулуштардын баары аягына чыгаруу, анын менен бирге курулушу жыйынтыкталган мектептерди кабыл алууга тапшыруу керектигин баса белгиледи.

Кеңешмеге каржы министринин милдетин аткаруучу Адылбек Касымалиев, архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директорунун милдетин аткаруучу Турдубек Мамбетов, Анын менен бирге экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын Канатбек Муратбеков катышты.