“Кенч Строй” компаниясынын лицензия мыйзамсыз алынганын айтып, бир канча адам митинге чыккан.

Алардын айтымында, лицензияны алуу ишкананын жетекчиси Кылыч Ысамамбетовдун «Ата-Мекен» партиясына байланышы себеп болгон.

Ошол эле учурда өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитети бул маалыматты жокко чыгарды.

Быйылкы жылдын 12-февралында мамлекеттик геология агентствосу экотехинспекциясына “Кенч-Строй” ишканасы башка аянтчада иш алып барып жатканы боюнча комиссия түзүүнү суранып кат менен кайрылган.

Эки айдан кийин геология агентвосу жана экотехинспекция GPSтин жардамы менен ишкананын координаттарын ченеген.

15-апрелде  «HW Energy Resources» кыргыз-гонконг ЖЧКсы жана “Турук Майнинг” ЖЧКсы “Кенч-Строй” ишканасы мыйзамсыз өзүнө тийишсиз жерден көмүр казып жатканын билдирип, мамлекеттик органдарга кайрылышкан.

Жыйынтыгында мамлекеттик органдарга ишкана жылдык отчётунда анык эмес маалыматтарды тааныштырган.

Факт боюнча, “Кенч-Строй”  «HW Energy Resources» жана «Турук Майнинг» ЖЧКсына тийиштүү аянтагы көмүрдү казган.

Жыйынтыгында ишкананын лицензиясы 27-апрелде жокко чыгарылган.

Бишкек шаарынын район аралык соту ишкананын даттануусун канааттандырган жок.

Комитеттин басма сөз кызматы билдиргендей, «Кенч Строй» мыйзамдын талабына ылайык, лицензиядан ажыраганын билдирип, жетекчисинин саясий багытына тиешеси жок экенин маалымдады.